"Унааны башкара албай калган". Түндө Бишкекте жол кырсыгы катталды

Бишкектеги Түштүк магистралда 9-ноябрга караган түнү айдоочу унааны башкара албай жол кырсыгына кабылганын милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 01:17 чамасында 1987-жылы туулган И.Т. аттуу айдоочу Фотон үлгүсүндөгү унаа менен А.Токомбаев көчөсүнөн чыгышты көздөй бара жатып, унааны башкара албай жолдун ортосундагы тосмону сүзүп токтогон.
"Жол кырсыгынан жаракат алгандар жок. Азыркы учурда унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан