Бишкекте тоноого жана опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда Сузак районунун аймагында кафелердин биринен жергиликтүү тургунду бейтаныш адамдар күч менен унаага салып, ээн жерге алып барышып, аны сабап акча каражатын тартып алышкан. Ошондой эле коркутуу жолу менен дагы 7000 АКШ долларын талап кылышкан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-чараларды ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн.
"Бул кылмыш ишине тиешеси бар Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, 1998-жылы туулган Ш.С. уулу Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Ал мурда соттолгон. Азыркы учурда тоноо жана опузалап талап кылуу фактысы боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча, жогорудагы кылмыш ишине карыздарды күч менен өндүрүп берүү жана опузалап талап кылуу менен алектенишкен мурда соттолгондордун, спортчулардын тиешеси бар экендиги аныкталгандыгы кошумчаланды.