Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандык милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктаганы тууралуу диплом менен сертификат тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, ал Анкара шаарында полиция академиясынын базасындагы полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда магистратурада билим алды.
2021-2022-окуу жылында ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билим алуу менен бирге “Жетекчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо” курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму, өзүнүн окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн ага президенттик резиденцияда Режеп Тайип Эрдоган окуусун ийгиликтүү аяктаганы тууралуу диплом менен сертификатты тапшырган.
"Аталган иш-чарага Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу да катышты. Ошону менен катар кесиптешибиз Түркиянын полиция академиясынын башчысы, профессор Чолак Йылмаз тарабынан дагы сыйланды. Кыргыз милициясынын деңгээлин үлгүлүү жана жогорку деңгээлде көрсөткөндү үчүн Адилет Акынали уулу менен сыймыктанабыз", - деп билдиришти ИИМден.
Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Буга чейин Баткен РИИБинде балдар менен иштөө боюнча инспектор кызматында иштеп келген.