Кара-Балта шаарында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 01:49да Кара-Балта шаардык өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бригада тартылган. Тилсиз жоо саат 02:14тө толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан жабыркагандар жок.