Караколдогу соода борбордо 35 жаштагы жаран мурдагы аялын өлтүрүп, өзүнө бычак сайды

Каракол шаарындагы "Кумтөр" соода борборунда 35 жаштагы жаран мурдагы аялын бычактап салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 9-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында болгон.

Анда Ак-Суу районунун 35 жаштагы К.Э. аттуу тургуну соода борбордон 30 жаштагы мурдагы жубайы З.Ж. менен жолугушкан. Ал учурда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, жаран мурдагы жубайына жана өзүнө бычак сайган. Натыйжада, келин алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон, К.Э. болсо оор абалда облустук ооруканага жаткырылган.

Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, окуя болгон жерден далил зат катары ашкана бычагы алынган. Учурда териштүрүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан