Бишкекте жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Маалыматты милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кырсык кечээ, 9-ноябрда 23:00 чамасында болгон.
Анда айдоочу "Тез жардам" унаасы менен Ахунбаев көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Жунусалиев көчөсүнүн кесилишинен солго бурулганда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Андан ары Мерседес-Бенц унаасы ошол эле багытта келе жаткан Фольксваген-Пассат унаасын сүзүп токтогон.
Кырсыктан "Тез жардам" унаасынын ичиндеги 2 медициналык кызматкер жана Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркап, баары ооруканага жеткирилген.
Учурда бардык унаалар айып короого токтотулду. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.