АКШ коңшу Тажикстанга чек араны коргоо үчүн 10 аскердик унаа берди. Мындай маалымат АКШнын Тажикстандагы элчилигинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жалпы баасы 858 миң 818 долларлык унаалар Тажикстандын чек ара тилкелеринин катаал рельефинде операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм бул кайрымдуулук Тажикстанга анын чек арасын коргоо үчүн көрсөтүп жаткан жардамдын бир гана мисалы экендигин белгилеген.
"Биз Тажикстанга чек ара коопсуздугу жаатындагы тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биргелешкен жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз. Биз терроризмге, баңги аткезчилигине жана өзөктүк куралдын жайылышына каршы күрөштө өнөктөш бойдон кала беребиз. Бирге иштегенде биз күчтүү болобуз”, - деген ал.