Бүгүн, 10-ноябрда эртең менен 32 жаштагы жаран Бишкектин 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-кабаттагы батирдин терезесинен 1990-жылы туулган Д.Х аттуу жаран секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле учурда ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, анын өмүрүн сактап кала алышты" деп жазылат билдирүүдө.
Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран эч кандай жаракат алган эмес.