Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын карады.
Сот экс-депутаттын кармалышын мыйзамдуу деп таап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Эске салсак, 23-октябрда ИИМдин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча 20га жакын активист, блогер жана саясатчыларды камакка алган.