Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Чек ара кызматында аскердик кызматын өтөп жаткан жоокер каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү таңкы саат 05:45те А.у.Т аттуу жоокер аскер бөлүгүнүн медициналык пунктуна дене табы көтөрүлүп жана тамагы ооруп жатканын айтып кайрылган. Ал медициналык госпиталга жаткырылган.
"Саат 15:00 чамасында жоокердин ден соолугу кескин начарлап, оозунан кан кеткен. Ага дароо "Тез жардам" чакырылып, алар келген маалда аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан. Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себептерин жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталды", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Жоокердин өлүмүн объективдүү иликтөө үчүн сөөгүнө экспертиза жүргүзүлүп, ага Аскердик прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкекке жөнөтүлдү.