"Банктар аралык процессинг борборунун" кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча өзгөчө оор кылмыш жасоо менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Акцияларынын 46,7 пайызы Улуттук банкына таандык жана мамлекеттин менчиги болуп саналган "Банктар аралык процессинг борборунун" жетекчилиги жеке кызыкчылыкты көздөө жана жеке баюу максатында жогорулатылган баалар боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурганы аныкталган.
"2021-жылдын декабрь айында «МПЦ» ЖАК жетекчилиги имаратты 106 миллион сомго сатуу боюнча келишим түзгөн. Ошол эле учурда бул имарат техникалык жана квалификациялык талаптарга ылайык, «МПЦ» ЖАКтын муктаждыктарына жооп берген эмес жана тийиштүү түрдө пайдаланууга жараксыз болгон. 2022-жылдын октябрь айында козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган мүлктүн базар баасы 48 миллион 184 миң 512 сомду түзгөн", - деп билдиришти УКМКдан.
Ошентип ашыкча баалоонун жана мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 57 миллион 815 миң 488 сомду түздү. 2022-жылдын 8-ноябрында кылмышка шектүү катары «МПЦ» ЖАКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1977-жылы туулган А.У.С. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.