Бүгүн, 10-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз эстрада жылдыздары, "Таалай элеси" тобунун солисттери Тотомидин Жолдошев менен Сурма Тургунаалы кызы жеке концертин берүүдө.
Концерттин өзгөчөлүгү жандуу үн менен музыкалык аспаптардын коштоосунда өтүүдө. Кечени сахналаш достору Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Алдаяров, "Кеңеш" тобу, куудул Ильяз Агыбай уулу коштоодо.