Оштун "Алай" футболдук клубу АФКга жолдомо алды

Кечээ, 10-ноябрда Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда Оштун "Алай" клубу менен Бишкектин "Алга" клубунун беттеши өттү.

Жолугушуу 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Бул жолугушууда жалгыз голду "Алай" футболдук клубунун жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков киргизди.

Беттеш аяктагандан кийин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов чыгып, жалпы жыйынтыкка ар бир оюнчунун, машыктыруучулардын салымын белгилеп, куттуктады.

Белгилей кетсек, "Алай" кечээки оюндан кийин 50 упай топтоп, турнирдик жадыбалда 2-орунга чыкты. Эми "Алай" 2023-жылкы АФК кубогунда Кыргызстандын намысын коргойт.

Ошондой эле АФК Кубогунда мөөнөтүнөн мурда чемпион болгон канттык "Абдыш-Ата" дагы ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан