Кечээ, 10-ноябрь күнү Боомдо жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирхан Балыкчыга бара жаткан. Бул тууралуу ырчы Кызсайкал Кабылова социалдык баракчасына жазды.
Кызсайкал Кабылова Бекжан Темирхан аларды Боомдо күтөөрүн айткандан 10 мүнөт өткөндөн кийин жол кырсыгы болгонун билдирди.
"Экөөбүзгө Балыкчыдагы бир тойканада буйрутма бар болчу. Мен Балыкчыдан Бишкекке жолго чыккам. Бекжан Балыкчыга келе жаткан. Бекжандын гонорары бизде болчу. Чалып "жолдон берелиби же Бишкектен эле аласыңбы?" десек, "азыр эле алып алайынчы, Боомдо күтүп турам" деди. Телефонду койгондон 10 мүнөттөн кийин Талгар деген досу телефон чалып "унаа кулап кетти, жол кырсыгына кабылдык" деди. Тамашалап жатса керек деп ишенген эмеспиз. Барсам унаа толтура. Бекжанды табышыптыр, "тирүү дегилечи" деп ыйлап кирдим. Бекжанды көтөрүп чыккыча 30 мүнөттөй убакыт өттү. "Тез жардам" келип эле текшерди, анан "Сайкал, кайрат кыл" деди, нес абалда эле туруп калдым. Досум ай, шашмам, дайыма шашып жүрчү элең, шашып кете бердиң. Бекжан экөөбүз эч жөн сүйлөшчү эмес элек, аябай шайыр адам элең. Сени эч качан унутпайбыз", - деп жазды Кызсайкал Кабылова.