Милиция ырчы Бекжан Темирхан кабылган кырсык боюнча маалымат берди

Ырчы Бекжан Темирхан кабылган кырсык боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, кырсык кечээ, 10-ноябрда саат 22:35 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу У уулу Т күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан ырчы окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми айдоочу ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан