"Катар-2022": "Өтө күчтүүлөр". Португалия Дүйнө чемпиондугуна карата курамын жарыялады

Эки жумага жетпеген убакыттан кийин Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталат. Командалар азыртан эле даярдыкты башташып, Дүйнө чемпиондугуна карата курамын жарыялай башташты.

Дагы бир фаворит команда болгон Португалия курама командасы Катарга бара турган футболчулардын тизмесин жарыялады. Башкы машыктыруучу Фернанду Сантуш улуттук курамга 26 футболчуну чакырган.

Дарбазачылар: Диогу Кошта («Порту»), Жозе Са («Вулверхэмптон»), Руи Патрисиу («Рома»);

Коргоочулар: Диогу Далот («Манчестер Юнайтед»), Жоау Канселу, Рубен Диаш (экөө тең «Манчестер Сити»), Данилу Перейра, Нуну Мендеш (экөө тең«ПСЖ»), Пепе («Порту»), Антониу Силва («Бенфика»), Рафаэль Геррейру (Боруссия Дортмунд);

Жарым коргоочулар: Жоау Палинья («Фулхэм»,), Рубен Невеш, Матеуш Нунеш, Отавио Монтейро (бардыгы «Вулверхэмптон»), Бернарду Силва («Манчестер Сити»), Бруну Фернандеш («Манчестер Юнайтед»), Жоао Мариу («Бенфика»), Витинья («ПСЖ»), Вильям Карвалью («Бетис»);

Чабуулчулар: Андре Силва («Лейпциг»,), Криштиану Роналду («Манчестер Юнайтед»), Гонсалу Рамуш («Бенфика»), Жоау Феликс («Атлетико Мадрид», ), Рафаэл Леау («Милан»,) жана Рикарду Орта («Брага»).

Португалия курама командасы Уругвай, Гана жана Түштүк Корея менен бир тайпада жайгашкан. Алгачкы оюнун бул курама команда 24-ноябрда Гана курамасына каршы өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан