
Кечээ, 10-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районунда Hyundai Porter унаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Ош - Баткен - Исфана унаа жолунун 24-25-чакырымында унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 14:15те өрт чектөөгө алынып, саат 17:27де толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.