Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн эң алгачкылардан болуп АКШ курамасы барды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, америкалык футболчулар Доха шаарынан алыс эмес Бермет жасалма аралындагы мейманканага жайгашты. Алар жергиликтүү "Аль-Гарафа" клубунун стадионунда машыгышат. Стадиондон мейманканага чейинки аралык 15 чакырым.
АКШ курамасы Дүйнө чемпиондугунда "В" тайпасында жайгашкан. Бул тайпада америкалыктардан тышкары Иран, Англия жана Уэльс курамалары бар. АКШ курамасы алгачкы беттешин Уэльске каршы өткөрөт.