Бишкек шаарында өтө турган самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи жолу качкындар командасынын атынан спортчу катышат. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, качкындар курамасынын атынан Францияда качкын макамын алган Мария Амюлина аттуу спортчу катышат. Буга чейин ал Венесуэла курама командасынын курамында жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болгон.
Белгилей кетсек, 11-13-ноябрь күндөрү Бишкекте Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүдө.