Ички иштер министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, УКМКга К.И.А. аттуу жаран автотранспортту кайра жабдууда уруксат кагаздарын берүү үчүн акча талап кылган "Унаа" мекемесинин кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
"2022-жылдын 9-ноябрында Кара-Балта шаарында Жайыл-Панфилов «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адиси Т.К.О. акча каражатын талап кылып алып жаткан учурунда кармалды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде «Унаа» мекемесинин кызматкери тарабынан акча талап кылуунун башка мүмкүн болгон фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.