Бүгүн, 11-ноябрда Австралияда Азия Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) 15-сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.
Анда кыргыз режиссёру Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азия Оскары" сыйлыгынын калыстар тобунун Гран-присин жеңип алды. Бул тууралуу аталган киноакадемиянын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Тасмада эс-тутуму жоголуп, бөтөн жерде 23 жыл азап чегип, мекенине кайтып келген Зарлык карыянын тагдыры баяндалат.
Белгилей кетсек, тасманын бет ачары Кыргызстанда 17-ноябрда болот.