Орусиялык "Ласковый май" тобунун хит ырларына болгон укук топтун негиздөөчүсү, маркум Сергей Кузнецовдун туугандарына өтпөйт. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Сергей Кузнецов көзү тирүү кезде жазган керээзине ылайык, анын хит ырларына болгон автордук укук туугандарына эмес, үчүнчү жактарга өтөт.
Ошондой эле маалыматта ырларына ээлик кыла турган мураскерлердин аты 6 айдан кийин белгилүү болору кошумчаланган.
Белгилей кетсек, музыкант 7-ноябрь күнү Оренбург шаарында 58 жашында дүйнө салды. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 13-ноябрь күнү өтөт.