Баткенде контрабандалык жүк ташыган жарандын унаасы мамлекетке чегерилди

Баткен облусунда контрабандалык жүк ташыган унаа конфискацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында 7-октябрда Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде И.К.А. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынып, анын ичинен көп көлөмдөгү насвай табылып алынган.

Аталган фактынын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен бажысы тарабынан кылмыш иши козголгон.

"9-ноябрда Баткен райондук соту президенттин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К.А.ны күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечими чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ali88
2022-11-12 14:30:00
Баткенде контрабандалык жүк ташыган жарандын "унаа" мамлекетке чегерилди. "Унаасы" деп жазылабыз? Суперчилер болбой эле калдыңар...
0
sarbo
2022-11-12 15:54:00
ali88"жазылабыз" эмес "жазылабы" :)
0
Accord.396
2022-11-12 20:54:00
sarbo бириндин котунду бирин чуку
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан