Жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш ишине бөгөт коюлду.
"Бул кылмышта схема түзүүгө жана ишке ашырууга Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М. жана анын орун басары Б.А. түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Алар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарган. Бул адамдар жасалма документтерди берип, акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышты", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.