Кадамжайда коңшу өлкөдөн контрабандалык жүк алып келген жарандар кармалды

Кадамжай районунда Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү эки унаадан контрабандалык жүк табылды. Бул тууралу бүгүн, 12-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрда атайын кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагынан 2 унаа аныкталган.

"Кадамжай районунун “Торговый” аймагынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 2 унаанын ээлери коңшу мамлекеттен алып келинген контрабандалык жүктү, жалпы салмагы 575 килограмм болгон кондитердик азыктарды түшүрүп жаткан жеринен кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн Баткен облусу боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан