Кадамжайда аткезчилик кылган 6 жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрда атайын кызматтын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган 6 Кыргыз жараны кармалган.
"УКМКнын чек ара кызматынын "Күнгөй" участкасынын кызматкерлери менен биргеликте Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаа жана уюштурууга катышкан 6 жаран контрабанда менен кармалды. Унааны текшерүү учурунда 14 кап, кийим-кече түрүндөгү буюмдар жана баасы 1 миллион 248 миң сомго бааланган "Цефазолин-Акос" дары-дармектери аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.