Бүгүн, 13-ноябрда кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон куудул, пародист Тынар Курбаналиев 45 жашка толду. SUPER.KG порталы куудул мырзага байланышка чыгып, туулган күнү менен куттуктады.
- Саламатсызбы, бүгүнкү өздүк майрамыңыз менен куттуктайбыз! Туулган күнүңүз кандай башталды, алгач кимдер куттуктады? Бул күндү кандай өткөрөсүз?
- Саламатчылык! Чоң рахмат. Туулган күнүмдү эң биринчи болуп кайненем куттуктады. Кечээ дос баламдын үйлөнүү тою болду эле. Бүгүнкү күнүм куда тосуу менен башталат. Түндө саат 1-2лерде бажаларым, балдыздарым, кайнилерим мага айтпастан сюрприз кылып, үйүмдө даярданып отурушуптур. Үйгө келсем, аябай шаңдуу тосуп алышты.
- Сизге куудулдук өнөр кимден калган? Балалык кезиңизден кеп салсаңыз.
- Мен 1977-жылы 13-ноябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Талаа-Булак айылында төрөлгөм. Балалыгым аябай жакшы өттү, бактылуу күндөр менен коштолду. Жети бир туугандын эң кичүүсүмүн. Ата-энемдин алдында эрке бала болуп, каалаганымды жеп, каалаганымды кийип чоңойдум. Бир аз тентегирээк болчумун. Кээде ошол тентектигим азыр деле кармап кетет.
Кийин Жалал-Абаддагы Барпы атындагы театрда музыкалык аппарат коюучу болуп иштеп, кийинчирээк актёр катары да өзүмдү сынагам. Бара-бара куудулдук өнөрүм ачылып, Рахман Разыков жетектеген "Беш тапан" куудулдук тобуна киргем. Бир нече жыл топто эмгектенген соң өз алдымча куудул катары чыгармачылыгымды улантып келе жатам.
Куудулдун бала кези
Тынар Курбаналиев апасы менен
- Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
- Чыгармачылыгым боюнча, Борончу Кудайбергенов деген куудул агам менен кайрадан биригип, жаңы программадагы концерт даярдап жатабыз. Бир жумадан кийин ошол концертти элге тартуулайбыз деп иштеп жаткан чагыбыз.
Тынар Курбаналиев сахнада
- Айтсаңыз, бүгүнкү күндө куудулдуктун орду кандай? Элдин юморго, тамашага болгон талабы, көз карашы өзгөрдүбү? Маданиятка кандай көңүл бурулуп жатат?
- Негизи коомдун көз карашына карап сатира өзгөрүп кете берет. Сатира элдин өзгөрүшү, коомдун агымы менен кете турган нерсе. Ошондуктан коом кандай өзгөргөн болсо, сатира да дал ошондой өзгөрүп турушу керек.
Биз учурда КВН оюнчуларын куудул деп эсептеп алдык, айрыкча социалдык тармакта көбүрөөк тамашасын тартуулагандарды. Жок, куудулдук өнөр деген таптакыр башкача. Чыгармачылыкта ар бир жанрдан өйдө турган нерсе. Мен ойлойм, төкмө акындык, ырчылыктан дагы куудулдук өтө оор, түйшүктүү өнөр деп билем. Изденүү менен, кээде бийликке жакшы көрүнүп, кээде жаман көрүнүп, туура эмес иш жасагандарды сатиранын жолу менен айтып коюп жаман көрүнгөн учурларыбыз болот. Ушул жанрды алып кетиш оңой иш эмес. Чындыкты бетке айткан, айрыкча азыркы учурда кыйын.
Өкүнүчтүүсү, ушул куудулдук өнөрдү аркалаган достордон, инилерден изденүүнү көрө албай жатам. Ал эми чыныгы изденген балдардан Союзбек Сейитказиев жана Болсунбек Стакеевди билем. Ушул эки жигит колунан келишинче бул өнөрдү аздектеп багып келе жатышат. Калгандарынан мындай изденүүнү көрө элекмин.