Диний-экстремисттик уюмга катыштыгы бар делип беш аял кармалды

Тыюу салынган “Хизбут-Тахрир валь Исламия” ДЭУнун аялдар канатынын ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында тыюу салынган идеологияны жайылтуу жана ага жаңы колдоочуларды тартуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жүргөн, тыюу салынган "Хизбут-Тахрир вал Исламия" диний-экстремисттик уюмунун "аялдар канатынын" жашыруун ишмердүүлүгү аныкталды.

"Алардын иш-аракеттерине бөгөт коюуу максатында 14-октябрда жана 4-ноябрда 5 жарандын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экендигин тастыктаган ири өлчөмдөгү буюм далилдери табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда айыпталуучуларга карата сотко чейинки өндүрүштө зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-11-13 18:58:00
Кармап каттап олтурбай каттуу чара колдонуш керек мындай эл бузар иттерге эркекпи ургаачыбы ылгабай хотя буларды кармап убакыт коротуп баш оорутпай ит аткандай атып салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан