
Жиу-житсу боюнча курама команда Абу-Даби шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-октябрдан 8-ноябрга чейин өткөрүлгөн мелдеште улуттук курама команда эки күмүш жана үч коло алган.
Анда 94 килограмм салмакта Иса Ахмедов жана пара жиу-житсу боюнча 77 килограмм салмак категориясында Азат Бакиров күмүш байгени багындырды.
Ал эми 56 килограмм салмакта Жылдызбек Абылов, 50 килограмм салмакта Нуртилек Сатыбалдиев жана 46 килограмм салмак категориясында Абдулла Рахманов 3-орунду ээледи.