Үй-бүлөсүндө толуктоолор орун алып... Быйыл уулдуу жана кыздуу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү

Быйылкы жыл ичинде үй-бүлөсүндө толуктоолор орун алып, алгачкы ирет ата-эне макамын алган, экинчи, үчүнчү жолу балалуу болгон шоу-бизнес өкүлдөрүн бир топтомго топтодук.

Бала кезинен шоу-бизнеске аралашкан, куудул Кабыл Бөрүбаевдин уулу Мажит Абдрашитов жыл башында 3-ирет ата болду. Тагыраагы 10-январь күнү Асия аттуу кыздуу болгон.

Ага улай, рэпер Баястан менен бийчи Зульфия Лансарова экинчи ирет ата-эне аталышты. Түгөйлөр 11-январь күнү уулдуу болушкан.

Көптөгөн тасмалардын автору, режиссёр, продюссер Сүйүн Откеев менен жубайы төртүнчү ирет кырк жылкылуу болушту. Сүйүн мырзанын жубайы Наргиза айым 7-февралда көз жарып, кызына Рабия деген ысым коюшкан.

Көпчүлүктү суктандырган ырчы Кундуз Канатбек кызы 9-февралда уулдуу болуп, экинчи ирет эне статусуна ээ болгон.

"Унутпа мени", "Атам менен апама" аттуу ырлар менен белгилүү болгон ырчы Динара Тилекеева 19-мартта көз жарып, уулуна Жалгас ысымын ыйгарган.

Ырчы Максат Садырбеков менен Айсулуу Молдалиева экинчи ирет наристелүү болушкан. 11-май күнү ырчынын жубайы борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарып, наристеге Диас аттуу ысым ыйгарышкан. Түгөйлөр буга чейин Мия аттуу кызын тарбиялап келишкен.

27-июлда ырчы Дайыр Исмадияров экинчи ирет уулдуу болду: "Уулумдун атын темирдей бекем болсун деген ниетте Демир койдум", - деген ырчы маегинде.

Ырчы Канат Деркембаев 29-сентябрда уулдуу болуп, кубанычы менен тең бөлүшкөн. Ал жубайы Айзуура экөө өткөн жылдын октябрь айында баш кошушкан.

Кыргыз эстрада жылдызы Данияр Эрматов менен жубайы Айсалкын Садыкова экинчи ирет кырк жылкылуу болушту. Ырчы мырза жана келинчеги 2020-жылы алгачкы ирет кыздуу болуп, ага Рания деген ысым коюшкан.

Актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигеева 15-октябрда ата-эне статусуна алгачкы жолу ээ болуп, кубанып турган чагы. Актриса борборубуздагы төрөтканалардын биринде көз жарып, кыздуу болушкан.

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров 19-октябрда кырк жылкылуу болгон.

"Кызыма ысымды кыргыздын тарыхый инсандарынын атынан тандап жатабыз. Буюрса, нукура кыргызча ысым ыйгарабыз", - деген ырчы өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан