Кечээ, 13-ноябрда Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 8:00 чамасында Хонда фит үлгүсүндөгү унаасы менен бараткан 1991-жылы туулган М.Ш.О. аттуу айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолду бөлүп турган тосмону сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилгени айтылат.