Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылга чейин камакта калтырылды

"Кумтөрдүн" мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы узартылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, Теңгиз Бөлтүрүк Октябрь райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырылган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 15-сентябрында Бишкектин Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын карап, 10-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан