2012-жылдын 29-октябрында саат 15:50дө Бакай-Ата
районундагы Көк-Таш айылынын Рамазан көчөсүнүн жашоочусу К.Эсеналиевдин үймөк чөбү өрттөнүп кеткен. Натыйжада 3,5 тонна чөп жана
чөп жыйылган бастырманын бир бөлүгү күйүп кеткен. Үй ээси “көргөн
адамдардын айтуусу боюнча, үйүлгөн чөптүн тегерегинде балдар ойноп жүрүшкөн. Сыягы,
бул ошол балдардын от менен ойноосунан келип чыкты” деген оюн билдирди.