Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, кыздын жансыз денеси 8-ноябрда Ноокен районунун аймагынан сайдын ичинен табылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуяга шектүү катары Сузак районунун 58 жаштагы тургуну О.А. кармалды. Ал буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон. Акыркы жолу 2021-жылы баңгизатына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөө учурунда шектүү кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында Жалал-Абад шаарына кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айткан. Ошол эле учурда окуя болгон жерди көрсөтүп берген.

Мындан сырткары шектүүнүн Тойота-Королла үлгүсүндөгү автоунаасы далил зат катары алынган. Ага кароо жүргүзүүдө арткы орундугунун оң жак тарабынан кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле унаанын алдынкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып, экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.

Шектүү 12-ноябрда Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aiza
2022-11-14 20:48:00
Сакалын орттонгур акмак чал. Ошондон ары чыкпай жок бол ылайым , адамдар не болуп баратабыз зоокур болуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан