Чүйдө урушкан туугандарды арачалаган киши бычактан жаракат алып каза тапты

Чүй районунда урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп жатып бычактан жаракат алган адам ооруканада каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Чүй районунун аймактык ооруканасына денесине бычак сайылып, жаракат алган 1975-жылы туулган А.Б. аттуу Кайырма айылынын тургуну жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок алган жаракаты оор болгондуктан, эсине келбей каза болуп калган.

Аталган окуя боюнча Чүй РИИБинин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (денеге оор залал келтирүү, өлүмгө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган У.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

"Кылмыш туугандар арасында болгон уруштун айынан болгондугу аныкталды. Маркум урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп жатып бычактан жаракат алган. Ал шектүү болуп камалган адамдын жездесинин досу болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан