Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип эки жаран кармалды

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын Талас облусу боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстан менен Казакстандын чектеш райондорунун жарандары тарабынан уюштурулган баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү каналын аныктады.

"Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, 3-ноябрда “Сосновка” өткөрмө постунан Талас облусунун тургуну Ш.Э.Д. кармалды.

Текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан жалпы салмагы 1 килограмм 105 граммды түзгөн баңгизаты табылды. Кылмыш иштин алкагында бул кылмыштуу топтун активдүү катышуучуларынын бири З.Э.З. аттуу жаран дагы кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда баңгизатынын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка башка дагы тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан