УКМК: "2 миллион 750 миң доллар мамлекеттин казынасына чегерилди"

Коңшу өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген 2 миллион 750 миң доллар мамлекеттин казынасына чегерилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда УКМКнын басма сөз сөз кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, атайын кызмат тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, 15-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында Кыргыз жараны Т.А.М.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны тинтүү учурунда өлкө аймагына коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон 2 миллион 750 миң доллар өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган.

Бул факты боюнча 16-октябрда кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында экономикалык аткезчилик менен алектенген адамдар аныкталып, Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"10-ноябрда Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан Кыргыз жарандары К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынды жана 2 миллион 750 миң доллары (227 миллион 186 миң 850 сом) мамлекетке чегерилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айыпталуучу Т.А.М.нын аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү болгондугу жана Баткен райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча соттолгондугу кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан