Бишкекте өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы медалдык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
11-13-ноябрь күндөрү “Газпром” ден-соолукту чыңдоо борборунда өткөн дүйнө биринчилигине 50дөн ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышты.
Кыргызстан аталган мелдеште жалпы 6 медаль жеңди. Анын экөө алтын, бирөө күмүш жана үч коло.
Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан 2-орунду ээледи. 1-орунду ФИАС 1 (Орусия), 3-орунду ФИАС 2 (Белоруссия) ээледи. Эл аралык самбо федерациясынын чечими менен Орусия, Белоруссия жана Франция ФИАСтын желеги менен мелдешке катышты.
Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түздү.
1-орун- 4000 доллар;
2-орун- 3000 доллар;
3-орун- 2000 доллардан (ар бирине).
Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлдү.