Алып баруучу Максат Надырбеков сүйүктүүсүнө баш кошту. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн той. Бутум-бутума тийбей жүгүрүп жүрөм. Сүйүктүүмдүн аты Алина. Көлдүн ак куусу, 25 жашта. Биз бир жарым жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрүп баш кошуу тууралуу чечимди кабыл алдык", - деди Надырбеков.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда алып баруучу Максат Надырбеков үйлөндү деген видеолор тараган.