Бирге түтүн булатып, чачыбыз бир жаздыкта агарсын деген аруу тилек менен бул жылы да бир топ маданият өкүлдөрү баш кошушту. Жашоонун ачуу-таттуусун бирге көрүп, алтын тойго жетсин деген тилек менен SUPER.KG порталы жыл ичинде үй-бүлө аталган түгөйлөрдү тизмектеди.
Жыл жаңырары менен ырчы Адилет Азимов өзүнүн продюсери Зарина Кыдыралиевага баш кошту. Үлпөт той 29-январда борборубуздагы тойканалардын биринде болуп өткөн.
"Ата-энем үйлөн деди, той тез эле болуп кетти. Биз, Зарина экөөбүз 3 жылдан ашык сүйлөштүк, андан кийин баш коштук. Мен жубайымдын тыңдыгына арбалдым", - деген ырчы мырза.
Эки жашка ырчылар Айбек Карымов менен жубайы Гүланда өкүл ата, өкүл апа болуп шайланышкан.
Кыргыз элинин эрке баласы, ырчы Мурадил Данияров сүйүктүүсүнүн колун сурап, таттуу түгөйлөрдүн катарын толуктады.
"Келинчегимдин аты Мээрим. Үч жолу көрүп эле байланып калдым", - деген SUPER.KG'ге берген маегинде.
Актёр, тамашоучу, вайнер Шумкар Бейшеналиев да бул жылы бойдокчулук менен кош айтышты. Ал "Перекупщик", "Бажалар", "Понт", "Доске" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Актриса Айгерим Саматова да бул жылы турмуш жолуна аттанды. Ал ырчы Мадияр Руслановго турмушка чыгып, жылдыздуу түгөй аталышты.
"Мадияр аябай камкор, боор тартып турат. Мындай сапат көп эле мырзаларда боло бербейт. Мадиярдын боорукерлигин сыйлайм, баалайм. Мен эркектен алчу мээримди, сезимдердин баарын Мадиярдан ала алдым десем болот. Азыр бул адам мага бир тууганым, атам, досум, сырдашым дагы болуп калды", - деген маектеринин биринде.
Узап бара жаткан жылда "Акыркы сабак" сериалынын башкы каармандары Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек да жаш жубайлардын катарын толуктады. Эки жашка кош жылдыздар Аваз Акимов менен Айдана Дека өкүл ата, өкүл апа болуп шайланды.
Ага улай "Супер Малина" тасмасында роль жараткан актёр, блогер Медер Нуркадыров менен Нуриза Бектурова дагы баш кошушту.
"Биз 7 жыл сүйлөшүп, бири-бирибизди жакындан таанып баш кошуп жатабыз", - дешкен жаш жубайлар.
"Ак шумкарым", "Жоогазын" жана башка ырлары менен таанылган, белгилүү ырчы Фарида Карбозова бул жылы турмуш жолуна аттанды.
Ырчынын үлпөт тою 30-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде болду. Тойго ырчынын жакындары, санаалаштары жана шоу-бизнес өкүлдөрү катышкан.
Кино жана театр жылдыздары Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашова тун кызы Мадаленаны турмуш жолуна узатышты. Ал актёр, вайнер Нуркул Адылбековдун келинчеги болду.
Белгилей кетсек, жаш жубайлар "Кайрат таксист" киносуна тартылган учурда сезимдери ойгонгондугун билдиришкен.
Актёр, вайнер Улан Эсенакунов сүйүктүүсүнүн колун сурап, түгөйлөрдүн катарын толукташты.
"Сүйүктүүмдүн аты Нуриза. Чаткалдын кызы болот. 5 айдан бери тааныш болуп жүрүп, 3 айдын ичинде үйлөнүү чечимин кабыл алдык", - деген актёр.