Аткезчилик менен алектенген жарандар кармалды (видео)

Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу жасалма акциздик маркаларды ташыган канал аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкерлери, Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте Бишкек шаарындагы почта ишканаларынын биринин дарегине Кытайдан келген Өзбекстандын алкоголдук продукциясына жасалма акциздик маркаларын аныктады.

"Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында контрабанда менен алектенген топтун бардык байланыштарын аныктоо максатында коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы жана Мамлекеттик бажы комитетинин биргелешкен аракеттери менен иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада эки өлкөнүн аймагында бир катар жарандар кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Видео: УКМКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан