Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жаран кармалды

Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрь күнү Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну Н.О. аттуу жаран кармалган. Ал чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүгө шектелип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Териштирүү иштеринин алкагында, чет өлкөгө мыйзамсыз бир нече жолу кирип-чыккандыгы аныкталып, "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан