Бүгүн, 15-ноябрда Испаниянын Аликанте шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык 3 мушкер беттешке чыгат.
Алар:
- 48 килограмм салмакта Бекзат Эргешов өзбекстандык мушкер менен беттешет;
- 67 килограмм салмакта Алмамбет Шайырбек уулу өзбек спортчусу менен күч сынашат;
- 75 килограмм салмакта Атай Асанбеков канадалык спортчу менен беттешке чыгат.
Белгилей кетсек, Дүйнө биринчилиги 27-ноябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан 12 спортчу улук машыктыруучу Улан Төлөнбай уулунун жетекчилиги алдында катышууда.