Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай калып, жарнама тактасын сүзүп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматкери Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, кырсык кечээ, 14-ноябрда саат 16:00 чамасында болгон.
"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Горький көчөсү менен күн чыгышты көздөй баратып, 7-Апрель көчөсүнөн солго бурулуп жатып унааны башкара албай жолдогу жарнама тактасын сүзүп токтогон. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Ал эми автоунаа убактылуу токтоочу жайга киргизилген. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деди ал.