Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын унаасына чыккандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран саунадан кармалды. Маалыматты милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-ноябрь күнү Бишкектеги Москва жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги саунада адамдар чатак салып жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери чатак салгандарды милиция бөлүмүнө жеткирген.
"Милицияга жеткирилгендердин арасында 1996-жылы туулган К.у.А. аттуу жаран дагы бар болгон. Ал буга чейин кайгуул кызматынын унаасынын үстүнө отуруп алган жаран болуп чыкты", - деп билдиришти милициянын кайгуул кызматынан.