УКМК: "Баасы 4 миллион сомдон ашык дары-дармектер менен контрабандалык жүккө бөгөт коюлду"

Баасы 4 миллин сомдон ашык дары-дармектер менен контрабандалык жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кечээ, 14-ноябрда "Чоң-Капка унаа жол" постунда Кыргызстандын А.Б. аттуу жаранынын башкаруусундагы "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү мамлекеттик номурлуу жүк ташуучу унаа токтотулган.

Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок унааны текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон болжол менен баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармек жана башка товарлар табылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан