Ошто тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

Социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-ноябрь күнү Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн "Экстремист" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө 21 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну кармалган.

"Ал жаран Инстаграмдагы баракчасы аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук кароого жиберилди", - деп билдирди Ош ОИИБи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан