Орусия-Украина жаңжалы: Польшанын аймагына эки ракета түштү

Польшанын Украина менен чектешкен аймагына эки ракета түшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ракеталар Польшанын Пшеводов шаарына жакын жердеги дан кургаткыч аянтка түшкөн. Анда тракторду таразага тартуу маалында ракеталар ошол жерге түшкөн. Анын кесепетинен эки адам каза болду.

Учурда окуя болгон жерде полиция, прокуратура жана армия иштеп жатат. Бейрасмий булактар ​​да аскердик учактар ​​абага көтөрүлгөнүн кабарлашкан.

Өз кезегинде Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий бул окуяга байланыштуу министрлер кеңешинин Улуттук коопсуздук жана коргоо боюнча комитетин чукул жыйынга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан