"Өтө алыс кетти". Башкы машыктыруучу Роналдуну "Манчестер Юнайтедден" көргүсү келбей турганын айтты

Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубунун башкы машыктыруучусу Эрик тен Хаг мындан ары чабуулчу Криштиану Роналду менен эсептешпейт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу футболчунун чуулгандуу маегинен улам клубдун топ-менеджерлери менен жолугушуу үчүн эс алуусун үзгүлтүккө учураткан.

Башкы машыктыруучу топ-менеджерлер менен жолугушууда Роналду өтө эле алыс кеткенин айтып, мындан ары клубда футболчу менен эсептешпей турганын билдирген.

Буга чейин Криштиану Роналду жергиликтүү басылмалардын бирине маек берген. Анда футболчу "Манчестер Юнайтед" клубунун башкы машыктыруучусу Эрик тен Хагды сыйлабай тургандыгын билдирген.

Роналдунун "Манчестер Юнайтед" менен келишими 2023-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн. Бирок көпчүлүк аны Катардагы Дүйнө чемпиондугунан кийин "Манчестер Юнайтед" клубуна кайтып келеринен күмөн санашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан