Иран бийлиги улуттук кураманын мурдагы чабуулчусу Али Даеини өлүм жазасына кести. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, экс-футболчу Иранда нааразычылык акцияларына катышкан. Сентябрдын аягында Али Даеи Иран өкмөтүн репрессияларды, зордук-зомбулуктарды жана камакка алуунун ордуна иран элинин көйгөйлөрүн чечүүгө чакырган.
14-ноябрда футболчу ФИФА уюму аны Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна чакырылганын билдирип, бирок баруудан баш тарткан. Ал кыйын учурда мекенинде калууну чечкенин кошумчалаган.
Ал учурда камакта. Ага өлүм жазасы берилди.
Анын рекордун Криштиану Роналду жаңылаганга чейин Даеи улуттук курамалардын тарыхында эң мыкты бомбардир болгон. Ирандык футболчу улуттук курама команда үчүн 149 беттеште 109 гол киргизген.